• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Марипов чек ара чырында курман болгондордун үй-бүлөсү үчүн курулуп жаткан турак-жайлардын курулушу менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсү үчүн курулуп жаткан 36 турак-жайдын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул максатта Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 5 га жер тилкеси бөлүнгөн.

Белгиленгендей, мында 6 сотук жер тилкеси бар 4 бөлмөлүү үйлөр курулат. Алар тийиштүү техника жана эмерек менен камсыздалат, ошондой эле борбордук коммуникацияларды өткөрүү пландаштырылууда.

«Курулуп жаткан үйлөр жаңы жашоонун башаты болсун», - деди Улукбек Марипов.

Белгилесек, турак-жайлардын курулушу 80% бүткөрүлгөн, аларды үстүбүздөгү жылдын 31-августунда пайдаланууга берүү мерчемделген. Мындан тышкары аталган шаарчанын аймагында балдар бакчасын куруу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий