• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Марипов Чолпон-Атадагы тазалоочу курулмаларды реабилитациялоо боюнча ишти тездетүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ысык-Көл районунда жаңы тазалоочу курулмаларды куруу жана техникалык жабдууларды алмаштыруу маселеси курч турат. Пайдалануудагы жабдуулар эскирген жана талап кылынган техникалык нормаларга дал келбейт.

Министрлер кабинетинин башчысы шаарда заманбап талаптарга жооп берген тазалоочу курулмаларды куруу жана эс алуу жайларын, пансионаттарды жана башка жайларды канализация тутумуна кошуунун маанилүү экендигин белгиледи.

«Тазалоочу жайлардын абалы – шаардагы олуттуу маселелердин бири. Биосфералык аймакта экологиялык коопсуздукту сактоо үчүн тармактык мамлекеттик органдар жана президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тазалоочу жайларды реабилитациялоо долбоору боюнча ишти тездетүүсү керек. Заманбап тутум түзүү зарыл», – деди Улукбек Марипов жана бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий