• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Марипов: Экономикада оң жылыштар бар, бирок алдыда иштеле турган маселелер арбын

Өкмөт 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Ушул жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча экономикада оң жылыштар бар, ошол эле учурда алдыда иштеле турган маселелер арбын. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов биринчи жарым жылдыкта өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын караган министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында билдирди, - деп кабарлайт министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

«Товарды маркалоо ишке киргизилди, ал бюджетти салыктык кирешелер менен толтурууга шарт түзө баштады. Быйыл бюджеттик каражаттын тартыштыгына, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө кеткен чыгымдарга карабастан, биз бир катар салыктарды төлөөдөн бошотуу жана салыктык жеңилдиктерди түзүү боюнча белгилүү кадамдарды жасадык. Бул аракеттерди Кыргыз Республикасынын президенти да колдоду. Экономикалык жана фискалдык саясаттагы айрым чаралардын натыйжасында салыктын ар бир түрү боюнча салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 20дан 40%га чейин жогорулады. Ошондой эле, бул жылы медицина, маданият жана аскер кызматкерлеринин айлык акылары жогорулатылды», – деди ал.

Улукбек Марипов белгилегендей, өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу маселелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзгөчө көзөмөлүндө.

Күзгү-кышкы жылытуу мезгилинин ийгиликтүү өтүшүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуунун, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн Марипов өзгөчө белгиледи.

«Кабыл алынган антикризистик план толугу менен аткарылышы керек. Жылдын аягында анын аткарылышына баа берилет. Эң негизгиси күзгү-кышкы жылытуу мезгилинин ийгиликтүү өтүшүн камсыз кылуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо. Мындан ары республиканын ар бир району үчүн инвестицияларды тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу зарыл. Мындан тышкары, салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча иштерди күчөтүү зарыл», – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий