• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Марипов: Экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда инновациялык IT-кадамдарды ишке киргизүүгө умтулуудабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек шаарында Digital week Санариптик өнүктүрүү жумалыгынын алкагында өтүп жаткан маалыматтык технологиялар (KIT) форумуна катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, XXI кылым адамзат үчүн илимий-техникалык прогресс планетанын экотутумунун бузулушу, адамдын космостогу жетишкендиктери локалдык аскердик кагылышуулар, дүйнөлүк экономикпнын өнүгүүсү жакырчылык жана жумушсуздук, калктын демлогарфиялык өсүүсү ичүүчү суунун жана азык-түлүктүн жетишсиздиги маселеси менен коштолуп, масштабдуу сынактардын мезгили болууда.

«Бул көйгөйлөр бир нерсени далилдейт – бүгүнкү реалдуулукка өз мамилебизди жана көз-карашыбызды кайрадан карап чыгуу, кызматташуу жана өнүгүүнүн цивилизациялуу стандарттарын иштеп чыгу үчүн күч-аракеттерди бириктирүү, жаратылышка жана анын ресурстарына керектөөчүлүк мамилени кайрадан карап чыгуубуз зарыл. Ошондуктан өнүгүүнүн актуалдуу маселелери боюнча мындай жолугушуулар биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн абдан маанилүү саналат. Чындыгында, жаңы санарип реалдуулугу дүйнөнү ыкчам өзгөртүүдө», - деди ал.

Улукбек Марипов белгилегендей, санарип маселеси Кыргыз Республикасынын президентинин жеке көзөмөлүндө турат, буга ага караштуу Санарип маселеси боюнча байкоочу кеңештин түзүлүшү далил. Персоналдык маалыматтарды коргоо боюнча агенттик түзүлгөн, социалдык блокко багытталган базалык маалыматтык чөйрө түзүлгөн. Салык жана бажы органдарын санариптик трансформациялоо жана мамлекеттик башкарууга санариптик технологияны киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«Бүгүнкү күндө мамлекет атаандаштык чөйрөнү куруу, социалдык жактан маанилүү жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен өнөктөштүктүн ачык жана жеткиликтүү процедуралары аркылуу бизнес үчүн шарттарды түзүүгө даяр», - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле заманбап IT-продуктулардын көргөзмөсүнө барды, анда Казакстан Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү тажрыйбасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий