• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Марипов: Фискалдаштыруу тутуму каршылыктарга карабастан ишке ашырылышы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 22.04.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов салык жана бажы процедураларын санариптештирүүнү ишке киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү.

«Негизги милдеттердин бири – бул салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу тутумун толук кандуу ишке киргизүү, ал ар кандай каршылыктарга карабастан өз мөөнөтүндө ишке ашырылышы керек. Бул бизге коррупцияны жоюп, көмүскө экономиканын деңгээлин кескин кыскартып, мамлекеттин кирешесин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Кабыл алынып жаткан чаралар жеке бизнести колдоо, мамлекеттик органдар менен өз-ара аракеттешүүнүн ыңгайлуу жана жеңилдетилген механизмдерин түзүү, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү жана сергек атаандаштыкты түзүү сыяктуу критерийлерге жооп бериши керек», - деди Улукбек Марипов.

Кеңешменини жүрүшүндө 2021-жылга салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча «Жол картасы» каралды жана тийиштүү сунуштар жана толуктоолор берилди.

Премьер-министр Улукбек Марипов киргизилип жаткан товарларды тыкыр эсепке алууну камсыздоо, салык төлөөчүлөр менен өз-ара аракеттешүүнүн бардык процедураларын санариптештирүү үчүн иштерди ыкчамдатуу, ошондой эле фискалдык органдарда заманбап аналитикалык тутумдарды түзүү жаатында ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Маалымдама: 2021-жылдын 1-апрелине карата «Салык төлөөчүнүн кабинети» электрондук сервисине 273 277салык төлөөчү кошулган, анын 41 4641и – юридикалык жактар, 231 816и – физикалык жактар.

Тактап айтканда, товарларды импорттоо жана/же экспорттону ишке ашыруучу бардык КНС-төлөөчүлөр жана субъектилер 2020-жылдын 1-июлунан тарта электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө колдонууга өттү.

Тутумду ишке киргизүүдөн тарта 2021-жылдын 1-апрелине карата электрондук эсеп-фактуралар менен 13 342 ишкер пайдаланууда, аларга жалпы жүгүртүү суммасы 608 млрд 219 млн 825 миң сомдук 4 796 513 электрондук эсеп-фактура берилген.

Тутумдун 2021-жылдын алгачкы үч айлык (өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу) ишинин жыйынтыгы боюнча, КНС боюнча чогултуулар гана 131,6 % жогорулап, 2 млрд сомдон ашуун сумманы түздү

Учурда электрондук эсеп-фактураларга жараша, муррда салык төлөөдөн качкан бир топ субъектилердин саны ачыкталып жаткандыгы маанилүү.

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен товарлардын чек арадан өтүшүн эсепке алуу механизмдерин санариптештирүү жаатында, 2021-жылдын башталышынан бери «Бирдиктүү пост» тутуму ишке берилген.

Үстүбүздөгү жылдын январь-март айында гана жалпы суммасы 70 миллиард сомдон ашык 36 606дан ашык коштомо кагаз электрондук түрдө таризделген.

Тутумдун акыркы үч айлык ишинде импорт боюнча КНСтен түшкөн кирешенин өсүшү (өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу) – 129,9%га, же 1 миллиард 149,2 миллион сомдон ашуун жогорулап, 4 миллиард 998 миллион сомду түзгөн.

Жалпысынан салык кызматы 2021-жылдын январь-март айларында 21 миллиард 743 миллион сом чогулткан. План – 106,5% га, же 1 млрд 320 млн сомго ашыкча аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий