• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Марипов: Фискалдык системаны санариптештирүү олуттуу натыйжаларды берүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 25.09.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдиргендей, 2022-жылга республикалык бюджеттин жалпы киреше көлөмү мамлекеттик инвестициялар грантын эске алганда 203,6 млрд сом суммасында же ИДП карата 28,5 % денгээлинде болжолдонууда. 2021-жылга белгиленген бюджетке салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин кирешеси номиналдык көрсөткүчтө 30,7 млрд сомго жогорулайт.

Республикалык бюджеттин 2022-жылга жалпы чыгаша көлөмү 212,7 млрд сом денгээлинде (ИДП карата 31,3 %) белгиленүүдө.

Мындан тышкары, белгиленгендей, ушул жылы бир топ маанилүү чыгымдар, анын ичинде медициналык, маданият жана аскер кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу орун алды.

«Көптөн бери биринчи жолу аскерлердин тамак рациону жакшыртылды, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардан кийин Баткен облусун калыбына келтирүүгө каражат бөлүндү. Коронавирустук инфекцияга каршы вакцина сатылып алынды, 1-октябрдан тарта пенсиялардын жана социалдык төлөмдөрдүн базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулатылат. Мындан тышкары, мамлекет айлыктарды жана пенсияларды төлөө боюнча социалдык милдеттенмелерин толук аткарууда. Мунун баардыгы экономиканы пандемиядан кийинки кризистен калыбына келтирүү менен катар жүрүп жатат», – деп белгиледи Улукбек Марипов.

Ал кошумчалагандай, фискалдык системаны санариптештирүү олуттуу натыйжаларды берип жатат – салык кызматы салык боюнча белгиленген планды 105 %га аткарды.

«Бажы кызматынын иши жөнүндө айта турган болсок, биз канчалык кадрдык өзгөртүүлөрдү жасабайлы, бажы системасын толугу менен автоматташтырбасак, иш оңолбойт. Биз бажы кызматы менен бизнес өз ара байланышпаган процессти түзүшүбүз керек. Жакын арада бажы декларациясын дистанциялык түрдө толтуруу системасы ишке киргизилиши керек», – деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий