• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Марипов: Гуманитардык жардамды жеткирүүдө жана бөлүштүрүүдө кармалуулар болбошу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы кампасына барды, анда өлкөнүн булуң-бурчунан келип жаткан гуманитардык жардамдар топтолууда. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Бардык гуманитардык жардам өз багыты боюнча муктаж жарандарга жеткирилиши тийиш. Кармалуулар болбошу керек. Элибиз даг бир ирет ынтымагын жана биримдигин көрсөттү, жардам ар тараптан келүүдө. Бир дагы жараныбыз четте карап турган жок. Эли-журтубуз Баткен облусу үчүн кыйын кырдаалда бирикти», - деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы физикалык жана юридикалык жактардан түшүп жаткан гуманитардык жардамды кабыл алуу боюнча штабдын иши тууралуу маалымат алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө кампага 279,881 тонна гуманитардык жардам келип түштү. Булар – азык-түлүк, жеке гигиена каражаттары, кийим-кече, жууркан-төшөктөр.

256,881 тонна гуманитардык жардам жабыркаган жарандарга жеткирилди. Калган 30 тоннасы кампада сакталууда жана зарыл болгон учурда Баткен облусунун жарандарына жеткирилип, бөлүштүрүлүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий