• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Марипов Каракол шаарындагы «Бугу Эне» зоопаркынын абалы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Каракол шаарындагы «Бугу Эне» зоопаркына барды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, зоопаркта айбанаттардын жана куштардын 30 ашуун түрү бар.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, бул – уникалдуу зоопарк жана ага колдоо көрсөтүү зарыл. Ал өзүнүн резервдик фондунан зоопарктын жетекчилигине 50 миң сом берди.

Кыдыруу учурунда заманбап зоопарктын башкы планынын долбоору тартууланды.

Улукбек Марипов жергиликтүү бийлик органдарына зоопаркка ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү, ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жакында жүргөн селден кийинки калыбына келтирүү иштерине көмөк берүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий