• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Марипов: Карыларды социалдык жактан коргоо — мамлекеттин маанилүү багыты

Өкмөт 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Улгайган жарандарды социалдык жактан коргоо ар дайым мамлекеттибиздин маанилүү багыты бойдон калат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн каралган Бишкек социалдык стационардык мекемесине барганда билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы улуу муун өкүлдөрүн Карылардын эл аралык күнү менен куттуктап, аларга чың ден-соолук, бакубат жашоо жана узун өмүр каалады.

«Карылардын эл аралык күнү улуу муун өкүлдөрүнө болгон жылуу сөздөрүмдү билдиргим келет. Ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө алардын өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн кошкон салымы, ак ниет жана кайратман эмгеги үчүн ыраазычылык сезими жашайт. Сиздер бай жашоо тажрыйбаңыздарды өсүп келе жаткан муунга өткөрүп, үй-бүлөлүк салтты жана баалуулуктарды аяр сактап келесиздер. Биздин милдет – карыяларыбыздын бакубат жашоосу, алардын коомдун жашоосуна активдүү катышуусу үчүн татыктуу шарттарды түзүү. Улуу муундагы жарандарыбызга аяр мамиле кылуу күндөлүк милдетибиз болуп саналат. Улгайган жарандарды социалдык жактан коргоо ар дайым мамлекеттибиздин маанилүү багыты болуп саналат», – деди ал.

Улукбек Марипов республикада улгайган жарандар үчүн мекемелер орун алып, аларда жашагандардын саны көбөйүп жаткандыгына өкүнүчүн билдирди.

«Ушул күнү мен мекендештерибизди кары ата-энелерибизге жана бир туугандарыбызга көбүрөөк көңүл бурууга чакырам. Эгер алыс болсоңуз, телефон чалып, жакын болсоңуз, кучагыңызга кысып, жылуулук тартуулаңыз. Биздин улуу муун өкүлдөрүбүз мыкты шартта жашап, сый-урматка жана камкордукка бөлөнүшү керек. Муну өсүп келе жаткан муунга сиңирүүбүз зарыл», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Министрлер кабинетинин төрагасы социалдык мекеменин жашоо шарты менен таанышып, андагы жашоочулар менен баарлашты.

Пикир

Оставить комментарий