• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Марипов Кашка-Суу айылындагы орто мектептин жаңы корпусунун ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусунун Кашка-Суу айылынын Тойчу Актанов атындагы орто мектебинин жаңы корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Улукбек Марипов окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, окуу процесси ийгиликтүү жана жемиштүү болушун каалады.

«Окуучуларды жана мугалимдерди кайрадан мектептен көрүү абдан кубанычтуу. Биз бул күндү көпкө күттүк. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу баладырыбыз онлайн режимде билим алды. Жалпы күч-аракетке, анын ичинде калкты вакцинациялоо кампаниясына жараша бүгүн окуучулар үчүн мектептердин эшиги ачылды жана балдар салттуу форматта билим алууга мүмкүндүк алды. Ушул күнү жаңы окуу имаратын ачып жаткандыгыбыз кубанычтуу. Мындан ары мектепте билим берүү сапаты жакшырат деп ишенебиз», - деди министрлер кабинетинин башчысы жана мектеп администрациясына 15 компьютерди белек катары тапшырды.

Министрлер кабинетинин башчысы 11-класс үчүн Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө арналган «Тынчтык сабагын» өттү.

Маалымдама: Чүй облусунун Кашка-Суу айылынын Тойчу Актанов атындагы орто мектеби үч блоктон турат.

Биринчи корпусу 1994-жылы ачылган, учурда бул жерде бала бакча ачуу пландаштырылууда. 100 окуучулук орунга саналган экинчи корпус 2007-жылдан бери пайдаланылууда. Дагы 100 орунга эсептелген үчүнчү окуу имаратынын курулушу үстүбүздөгү жылы жыйынтыкталган.

Пикир

Оставить комментарий