• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Марипов: Климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү чаралары адилетсиз атаандаштыктын куралы болуп калбашы маанилүү

ЕАЭБ 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү чаралары адилетсиз атаандаштыктын куралы болуп калбашы маанилүү. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги (ЕӨАК) кеңейтилген форматтагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

“Ушул оор шарттарда интеграциялык кызматташтыктын жаңы багыттарын өнүктүрүүгө негизги көңүлдү өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкты. Биздин бирикме Евразия мейкиндигиндеги эң ири интеграциялык бирикме катары мүчө мамлекеттердин туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган жана БУУнун туруктуу өнүгүү максаттары менен бөлүшөт. Бүгүнкү күндө бул өнүгүүнүн ажырагыс бөлүгү - бул жашыл экономика. Ал бир эле учурда экономикалык жана экологиялык максаттарды алдыга жылдыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга багытталган”, - деди ал.

Иш-чарага Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышууда.

Ошондой эле жыйынга байкоочу катары Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов, Куба Республикасынын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышып жатат.

Белгилей кетсек, 19-августта жыйындын катышуучулары тар форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий