• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Марипов өкмөттүн жаңы түзүмүн реформалоого байланыштуу токтомго кол койду

Өкмөт 0

Бишкек, 13.02.21. /Кабар/. Премьер-министр Улукбек Марипов күн мурун, "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомго кол койду.

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-февралындагы № 6 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы №4357-VI “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 11, 17 жана 25-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин базасында;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын базасында;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин базасында;

-.Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында.

2. Төмөнкүлөр өзгөртүп түзүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, мында туризм чөйрөсүндөгү функциялар тиешелүү штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине өткөрүп берилсин;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине, мында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинен региондук өнүктүрүү чөйрөсүндөгү функциялар тиешелүү штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берилсин;

- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине;

-.Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматына;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине, мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти тиешелүү штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Токой чарба мамлекеттик агенттигине, мында экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү функциялар тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берилсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Региондук өнүктүрүү мамлекеттик агенттигине, мында этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү функциялар тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүп берилсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик салык кызматына;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик бажы кызматына;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик миграция кызматына, мында тышкы миграция чөйрөсүндөгү функциялар тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берилсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынан тышкары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик каттоо кызматына;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясына);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматка;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Жогорку аттестациялык комиссиясына;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга, мында:

ченөө бирдейлигин (метрологиялык көзөмөлдөө) камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин даярдоо эрежелеринин талаптарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине өткөрүп берилсин;

энергетика, өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, геологиялык иштерди жүргүзүүнүн жана жер казынасын пайдалануунун, ошондой эле мунай продуктуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттүү талаптардын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине өткөрүп берилсин;

эмгек мыйзамдарынын, турак жай, коомдук жана өндүрүш имараттарында жол берилген ызы-чууга, термелүү кыймылына жана үн изоляциясына коюлуучу талаптардын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берилсин;

шаар куруу ченемдеринин, долбоордук чечимдердин, техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, курулуш-монтаждык иштерди жүргүзүүдө, объекттерди реконструкциялоодо техникалык мамлекеттик стандарттардын жана техникалык шарттардын, ошондой эле курулушу аяктаган объекттерди эксплуатациялоого кабыл алууну уюштуруунун, суу транспортунун жана сууда сүзүүчү каражаттардын, темир жол транспортунун, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, айыл чарба, токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине өткөрүп берилсин;

жер мыйзамдарынын, суу пайдалануунун, суу объекттерин жана суу чарба инфраструктурасын күтүүнүн, суу ресурстарын пайдалануунун талаптарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берилсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Социалдык фондго;

- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке.

3..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасы тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын карамагына өткөрүп берүү менен “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасы деп кайра аталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын
6-июнундагы № 211 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- преамбуласындагы “Конституциясынын 73-статьясын” деген сөздөр “Конституциясын” деген сөз менен алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын
10-мартындагы № 151 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын юридикалык жактын статусуна ээ болгон ведомстволук бөлүмдөрүнүн укуктук статусу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын юридикалык жак статусуна ээ болгон ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин укуктук жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 11, 17 жана 25-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:”;

- 1-пунктунда:

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

“- министрликтин алдындагы, мамлекеттик комитеттин алдындагы мамлекеттик кызмат;”;

жетинчи абзацындагы “мамлекеттик агенттикте жана мамлекеттик инспекцияда түзүлөт” деген сөздөр “мамлекеттик кызматта, мамлекеттик агенттикте жана мамлекеттик инспекцияда түзүлүшү мүмкүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пунктунун экинчи абзацы “мамлекеттик агенттик” деген сөздөрдөн кийин “, мамлекеттик кызмат” деген сөздөр менен толукталсын.

6..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
12-январындагы № 12 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жана анын баш ийүүсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы иштей тургандыгы аныкталсын.”;

- 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 2-пунктунун “а” пунктчасында:

биринчи абзацындагы “мамлекеттик органдар,” деген сөздөр алып салынсын;

экинчи, үчүнчү жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги министрликтер жана мамлекеттик комитет менен биргеликте бир айлык мөөнөттө штаттык бирдиктердин, түзүмдөрдүн жана мамлекеттик кызмат орундарынын тиешелүү ченемдерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөө персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

8. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери белгиленген тартипте:

- бир айлык мөөнөттө:

түзүмдөрүн жана штаттык ырааттамаларын ушул токтомго ылайык келтиришсин;

ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдердин долбоорлорун, анын ичинде министрликтердин жоболорунун жана башкаруу схемаларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин;

- финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды андан ары пайдалануу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдү кайра уюштуруу жана жоюу менен байланышкан иш-чараларды жүргүзүү боюнча комиссияларды түзүшсүн, тиешелүү жол-жоболорду аткарууну уюштурушсун;

- штатты өткөрүп берүүдө мамлекеттик кызматтын тиешелүү түрлөрүндө иштөө өзгөчөлүктөрүн сактоону эске алуу менен өткөрүп берилип жаткан функцияларды аткаруу үчүн ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата тиешелүү кызмат орундарын ээлеген кызматкерлердин которулууга тийиш экендигин көңүлгө алышсын;

- бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүшсүн;

- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

- жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү, тиешелүү мамлекеттик органга жүктөлгөн башка функцияларды аткарууну камсыз кылышсын;

- ушул токтомдон келип чыгуучу мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.

9. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын кызматкерлерине, анын ичинде мамлекеттик органдарды тейлөөчү кызматкерлерге (техникалык тейлөөчү персонал, кенже тейлөөчү персонал) эмгек акы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен бекитилген тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ведомстволук бөлүмдөрдүн белгиленген эмгек акы төлөөнүн колдонуудагы шарттары боюнча төлөнө тургандыгы;

- ушул токтомду ишке ашыруу бекитилген штаттык сандын жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырыла тургандыгы;

- министрликтердин карамагына өткөрүп берилип жаткан административдик ведомстволордун жеткечилери министрликтерге баш ийген ведомстволук бөлүмдөрдүн жоболору бекитилгенге чейин өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууну уланта тургандыгы.

10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарын тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

11. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий