• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Марипов КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылары менен биргеликте Лукашенко менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары менен биргеликте Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу Минск шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны алдында өттү.

Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко белгилегендей, Өкмөт башчылары орун алган маселелерди тыкыр талдоого алып, КМШ ичинде толук кандуу интеграциялашууга зарыл болгон такталган чечимдерди кабыл алуусу тийиш.

Беларусь Республикасынын башчысы белгилегендей, Кеңештин жыйыны КМШга мүчө-мамлекеттер ортосундагы ар тараптуу өз-ара аракеттешүүлөрдү, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошумча дем берет.

Андан соң делегация башчылары – КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын катышуучулары Минск шаарындагы Жеңиш Монументине гүлчамбар коюу аземине катышты.

Белгилесек, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов учурда КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жаткан Минск шаарында жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий