• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Марипов: Контрабандалык жол менен ташылган импортту тыюу боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Эсепке алынбаган/контрабандалык жол менен ташылган импортко тыюу салуу жана ага карай салык чогултууну башкаруу (импортко кошумча нарк салыгы, импортко акциздик салык) ишин күчтөндүрүү зарыл. Бул туурасында тийиштүү мамлекеттик органдардын катышуусундагы кеңешмеде Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

«Бүгүнкү күндө салыктык башкарууну санариптештирүү алкагында электрондук отчеттуулук, электрондук эсеп-фактуралар, мунай продуктулары боюнча электрондук товар-транспорттук коштомолор, май куюучу жайлардагы автоматташтырылган башкаруу тутуму, «Бириккен пост» автоматташтырылган башкаруу тутуму сыяктуу маалыматтык тутумдарды ишке киргизүү процесси башталды. Алардын ишке киргизилиши бюджетке салыктардын түшүүсү жогорулагандыгы жаатында оңдуу жыйынтыктарды көрсөтүп, келечекте мультипликативдик натыйжа берет. Бардыгы жакшы өңдөнөт. Бирок баары эле ойдогудай эмес. Тутумда көптөгөн тоскоолдуктар бар, - же электр жарыгы, же интернет жок. Аткаруучулардын мындай ондогон жооптору бар. Айтаарым: актанып, ар-кайсы себептерди айтууну токтотуңуздар. Орнотулган автоматташтырылган тутум үзгүлүтүксүз иш алып барышы тийиш», - деди Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин башчысы болуп өткөн окуяларга жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө тийиштүү кошумча чыгымдарга байланыштуу бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруунун булактарын издөө зарылдыгын белгиледи.

«Импорттун салыгын жыйноо көзөмөлүн күчөтө албай жаткандыгыбыздан улам, миллиондогон чыгымга учурап жатабыз. Бүгүнкү күндө кошумча чыгымдар көп болууда. Эгер эсепке алынбаган/контрабандалык ташууларды жойбосок, кандай аракет болбосун, жүргүзүлгөн иште тийиштүү жыйынтыкка жетише албайбыз. Эсепке алынбаган/контрабандалык жол менен ташылган импортту кыскартуу жана толугу менен жоюу боюнча олуттуу чараларды кабыл алуу зарыл», - деп белгиледи ал.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Улукбек Марипов тийиштүү министрликтерге жана ведомстволорго салмак тыш өлчөм көзөмөлүн башкарууну жакшыртуу жана эсепке алынбаган/контрабандалык импортту тыюу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий