• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Марипов: Кыргыз-өзбек маданий иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүү практикасын улантуу зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. «Кыргыз-өзбек маданий иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүү, өткөрүлүп жаткан концерт жана фестивалдарда өз-ара катышуу практикасын улантуу, билим берүү, спорт жана туризм тармагындагы кызматташтыкты активдештирүү зарыл», - бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Ташкент шаарында өткөн Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңейтилген кеңешмесинде билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жылы эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын мотиви боюнча «Делбирим» көркөм тасмасын биргелешип тартуу боюнча жагымдуу тажрыйба орун алды.

«Тасма боюнча Кыргызстан жана Өзбекстандын коомчулугу арасында оңдуу пикирлер орун алды. Мындан ары карай биздин элдер арасындагы достукту чыңдоо үчүн кинематография, театр, ошондой эле концерттик иш-чаралар жаатында кызматташууну активдештирүү керек. Кыргызстан жана Өзбекстан аралык өз-ара пайдалуу кызматташтык кыргыз жана өзбек бир тууган элдери ортосундагы салтка айланган жана кылымдар бою келе жаткан достуктун негизинде ырааттуу жана жемиштүү өнүгөт деп ишенем», - деп белгиледи премьер-министр.

Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов аталган тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди. Анын айтымында, өзбек тарап «Жибек Жолу» биргелешкен брендин, ошондой эле эстрада, же улуттук классикалык музыка жылдыздарынын катышуусунда биргелешкен концерттерди алга жылдырууга даяр. Мындан тышкары, Кыргызстандын студенттерин Өзбекстандын ЖОЖдорунда окутуу үчүн квоталык орундарды сунуштоого даяр.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесинин протоколуна кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий