• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Марипов Кыргызстан менен Түркиянын Маданият күндөрүн өткөрүүнү сунуштады

Өкмөт 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Түркияда Кыргызстандын Маданият күндөрүн жана Кыргызстанда Түркиянын Маданият күндөрүн өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Марипов Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынында билдирди.

Ал Маданият күндөрүн өткөрүү дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштуруларын белгиледи.

Өз кезегинде, Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда ишке ашырылышы мүмкүн болгон көптөгөн маданий долбоорлор бар экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий