• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Марипов кызматтык милдеттерин так аткарбаган эки аткаминерге эскертүү берди

Өкмөт 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун «Сосновка» транспорттук көзөмөл пунктунун ишин пландан тышкары текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен 2021-жылдын 14-июнунда кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилди:

- Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Турганбаев Алмаз Абдылдаевичке;

– Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо агенттигинин директору Айтиев Шухрат Анваровичке.

Ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругу менен тартип бузууларга жол берилгендиги үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо агенттигинин директорунун орун басары, ошондой эле «Сосновка» транспорттук көзөмөл пунктунун эки кызматкери (башкы инспектор, улук инспектор) ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасына ылайык, бүтүндөй республика боюнча бардык процесстерди автоматташтыруу жана адам факторун болтурбоо жолу аркылуу транспорттук контролдоо пункттарынын ишин жакшыртуу боюнча кескин чаралар каралууда. Иштин жыйынтыктары кыска мөөнөттө белгилүү болот.

Маалымдама: 2021-жылдын 11-июнунда Улукбек Марипов Чуй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Сосновка» транспорттук көзөмөл пунктунун ишин пландан тышкары текшерген. Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, автотранспорт каражаттарын каттоо журналынын маалыматына ылайык, «Сосновка» транспорттук көзөмөл пунктунун кызматкерлери саат 08.00ден 13.00 чейин 17 унааны транспорттук козөмөлдөн өткөргөн. Бирок Динамикалык салмак габариттик көзөмөл тутумунун маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн мезгилде 20 автоунаа өткөрүлгөн жана андагы айырма 12 унааны түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий