• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Марипов маморгандарга санариптештирүү маселесине карай мамилени өзгөртүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов мамлекеттик органдардагы санариптештирүүнү активдештирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы белгилегендей, илимий прогресске жараша биздин күнүмдүк жашообузду маалымат жана санарип тармагындагы технологиялык чечимдерсиз элестетүү мүмкүн эмес.

«Биздин өлкөдө санариптештирүү процесси үч жыл мурда башталган. Бирок бүгүнкү күнгө дейре биз алдыга коюлган милдеттерге жетише элекпиз. Демек, кагаз жүзүндө баары жакшы, ал эми иш жүзүндө абал башка. Биздин жарандар иштин жыйынтыгын көрбөй жатат. Коронавирус инфекциясынын пандемиясы санариптик тармактагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Өлкөбүздүн калкы иште жана жумушта гаджеттерди активдүү пайдалана баштады. Санариптештирүү – бул жарандар үчүн ар кыл кызматтарды, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүүнү алууга карай жөнөкөй, жеңил жана үнөмдүү ыкма. Санариптештирүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүүгө жараша адамдык фактор жана коррупциялык тобокелдиктер жокко чыгарылат. Биз сунушталуучу электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүбүз зарыл деп эсептейм», - деди Улукбек Марипов.

Бүгүнкү күндө модернизацияланган Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү порталында 23 мамлекеттик орган тарабынан көрсөтүлүүчү 103 кызмат жана тейлөө көрсөтүү ишке ашырылган, анын 81и – автоматташтырылган жана 22си жарым автоматташтырылган.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов IT-тармактагы алдыңкы инновацияларды натыйжалуу пайдалануу зарылдыгына басым жасады.

«Кыргыз Республикасынын президенти өкмөттүн алдына чечүүгө тийиш болгон бир катар милдеттерди койду. Кооз бетачарлар эч кимге кереги жок. Ак ниеттүүлүк жана берилгендик менен иш алып барганыбызда гана мыкты натыйжага жетише алабыз», - деп жыйынтыктады Улукбек Марипов.

Пикир

Оставить комментарий