• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Марипов медициналык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Медициналык кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу медициналык кызматкерлер,

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Медициналык кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм.

Медициналык кызматкердин кесиби – дүйнөдөгү бирден бир гумандуу кесиптердин бири жана сыймыктанууга жана сый-урматка татыктуу десек аша чапкандык болбойт.

Эки жылдан бери адамзаттын кадимки жай жашоосуна жана өнүгүүсүнө тоскоолдук жараткан коронавирус инфекциясынын пандемиясы дүйнөлүк түзүлүштүн морттугун жана пайда болуп жаткан жаңы чакырыктарга каршы турууга жөндөмдүү медицинаны жана медициналык технологияларды өнүктүрүүнүн зарылдыгын айкын көрсөттү.

Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө жана кайратмандыгыңыздарга жараша он миңдеген адамдын өмүрү сакталды. Сиздерге жалпыбыздын атыбыздан таазим!

Сиздердин көптөгөн кесиптештериңиздер коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө өз өмүрүн берди. Гиппократка берген антын акыр аягына чейин ыйык сактаган кесиптештериңиздердин элеси ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде сакталат. Медиктердин катарында жаштайынан өмүрү кыйылган Адинай сыяктуу чыгаан кыздарыбыз бар эле…Биз эч качан алардын эрдигин эстен чыгарбайбыз!

Кымбаттуу саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлери,

Сиздер эч кандай кыйынчылыктарга карабастан, эртеңки күнгө башты бийик көтөрүп кароодосуздар. Мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен мамлекетибиз медициналык тейлөөнүн сапатын жана медициналык кызматкерлердин иштөө шартын жакшыртуу, анын ичинде бардык категориядагы врачтардын жана медайымдардын эмгек акысын жогорулатуу боюнча башталган ишти улантат.

Ушул майрам күнү сиздерге узак өмүр, бакубаттуулук, үй-бүлөлүк бакыт жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө куч-кубатты каалайбыз. Биз биргеликте жеңишке жетебиз деп ишенем. Майрамыңыздар менен достор!

Пикир

Оставить комментарий