• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Марипов менен Удовиченко кыргыз-орус кызматташтыгын талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы белгилегендей, Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөшү, жакын досу, мамлекеттерди тарыхый жана маданий түйүндөр байланыштырып турат.

Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданий-гуманитардык, экономикалык кызматташтык, инвестициялык климатты жакшыртуу багыттарына тийиштүү, биргелешкен кыргыз-россия долбоорлорун колдоо боюнча жана өз ара кызыкчылыктагы өнөктөштүктүн башка актуалдуу маселелеринин топтому талкууланды.

Премьер-министр баса белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон иш сапарында эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча өкмөт тийиштүү иштерди жүргүзөт.

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николай Удовиченко өз кезегинде кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин тез арада чечүүгө даяр экендигине ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий