• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Марипов Нарындын Кочкор районундагы Калкты тейлөө борборуна барды

Өкмөт 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Премьер-министр Улукбек Марипов Нарын облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кочкор районундагы Калкты тейлөө борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Калкты тейлөө борборлорунда кээде чоң кезектер пайда болууда. Ошондуктан биз үчүн учурда сапаттуу мамлекеттик тейлөнү камсыздоо, жарандардын тейлөөнү ыкчам алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды, анын ичинде онлайн-форматтагы шарттарды түзүү маанилүү'', - деди Улукбек Марипов.

Калкты тейлөө борбору 30 түрдөгү кызмат көрсөтүүнү сунуштап, болжол менен 75 миңге жакын адамды тейлейт.

Мекемеде жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспортттоштуруу жана каттоого алуу бөлүмү, ошондой эле банктын кассасы, нотариус, сүрөткө тартуу, ксерокопия жана маалымдама жайгашкан. Арыз берүүчүлөр бардык зарыл документтерди жеринде «бирдиктүү терезе» принциби боюнча топтой алат.

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн эне жана баланын бөлмөсү, күтүү залы жана унаа токтотуучу жай каралган.

Пикир

Оставить комментарий