• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Марипов Ноокат районунун тургундары менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 23.05.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Ош - Ноокат - Исфана" жол тилкесинде Ноокат районунун тургундары менен жолугушту.

"Күзүндө Ош-Ноокат-Исфана унаа жолунун курулушу башталат. Бул жолду жана көпүрөлөр сыяктуу объектилерди япониялык JICA компаниясы курат. Эң башкысы, сабырдуу болушубуз керек. Ноокат аркылуу өткөн жолдун абалын өз көзүм менен көрдүм. Ошондуктан, курулуш иштерин эртерээк баштоого аракет кылабыз. Бул жол тилкеси мыкты сапатта болот деп айта алам", - деп белгиледи Улукбек Марипов.

Министрлер Кабинетинин башчысы Чили-Сай убактылуу көпүрөсү тууралуу да токтолду.

"Эски көпүрө жараксыз абалга келген. Устундардын биринде жарака кеткен. Ошондуктан ушул жылдын апрель айында көпүрөдөн өтүү токтотулган. Азыр эл жолду айланып өтүүдө. Убактылуу көпүрө дагы ошондой бекем, бирок убактылуу. Көпүрө ушул жуманын аягына чейин колдонууга берилет", - деди ал.

Министрлер Кабинетинин төрагасы жаңы жол эң жогорку сапатта болот деп баса белгиледи.

Маалымдама: Эл аралык Ош - Ноокат - Исфана жолунун узундугу 47 км тузөт. Жол 1968-1971-жылдар аралыгында курулган. Бүгүнкү күндө жолдун 70% ы жараксыз абалга келген. Бул каттамда 11 көпүрө бар, анын экөө –авариялык абалда.

Пикир

Оставить комментарий