• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Марипов Сауд Аравияга барган Кыргызстандын бизнес делегациясы менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов ата мекендик продукцияларынын көргөзмө-жарманкесине жана кыргыз-сауд бизнес форумуна катышуу үчүн Эр-Рияд шаарына келген Кыргызстандын бизнес делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-февралдагы жолугушууга ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаилов, Инвестициялар министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов жана айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев катышты.

Кыргызстандын бизнес делегациясы тамак-аш өнөр жайынын, энергетика жана туризм чөйрөнүн, каржы институттарынын, логистикалык компаниялардын, эл аралык уюмдардын жана алардын Кыргызстандагы долбоорлордун (UNDP, JICA “Бир айыл – бир продукт”) 30дан ашык өкүлдөрүнөн турган.

Марипов жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жетекчилери бизнес делегацияга өлкөнүн президенти жана министрлер кабинети тарабынан өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле инвестициялык климатты жакшыртуу, жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү жана ата мекендик жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо тууралуу мамлекеттик саясат жөнүндө маалымат беришти.

Ишкердик тыгыз байланыштарды түзүү үчүн Кыргызстан менен Сауд Аравиянын бизнес-коомчулуктарынын ортосунда мезгилдүү жолугушууларды жана форумдарды өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугуна өзгөчө көңүл бурулду. Эки тараптуу сооданы арттыруу үчүн эки өлкө ортосунда жүк ташуу үчүн ыңгайлуу логистикалык каттамдарды түзүү зарыл экендиги белгиленди.

Элчи Марипов өлкөнүн инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги менен бирге Сауд Аравиянын ири холдингдерин жана компанияларын Кыргызстандын тамак-аш өнөр жайы, энергетика жана анын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба, туризм тармактарына тартууга даяр экендигин билдирди.

Аны менен бирге, “Кыргыз-Сауд бизнес кеңешин” түзүү жана Сауд Аравиянын рыногунда кыргыз продукциясынын “Соода үйүн” ачуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий