• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-сауд ишкерлер кеңешин түзүүнүн жол-жоболору талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 02.09.22. /Кабар/. Кечээ, 1-сентябрда Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын Соода-өнөр жай палаталар федерациясынын төрагасы Ажлан Абдулазиз Аль-Ажлан менен жолугушту. .

ТИМден билдиришкендей, тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү маселелерин, анын ичинде Сауд Аравиянын бизнес-делегациясынын Кыргызстанга сапарын уюштурууну жана 2022-жылдын аягына чейин Бишкекте кезектеги кыргыз-сауд бизнес форумун өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле эки боордош өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын аныктоо, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр боюнча такай маалымат алмашуу, КРнын жана САПтын жеке секторунун өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле Бишкек менен Эр-Рияддын ортосунда туруктуу түз аба каттамдарын ачуу зарылдыгына көңүл бурушту.

Түз байланыштарды түзүү жана Кыргызстандынн соода-экономикалык, инвестициялык долбоорлорун жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу максатында элчи У.Марипов жакынкы аралыкта Сауд Аравиянын ири компаниялары менен эки тараптуу жолугушууларды уюштуруп берүүнү өтүнүчү менен бирге маектешин алдыда боло турган бизнес-форумга катышуу үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде САПтын Соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын төрагасы А.Аль-Ажлан күн тартипте турган маселелерди алдыга жылдыруу, анын ичинде эки мамлекеттин ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого багытталган алдыдагы иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү боюнча элчиликке жардам көрсөтөрүнө ишендирди. Ал чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, бизнес-форумдун алкагында Кыргызстанга келүүгө кубанычта болорун билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз-сауд ишкерлер кеңешин түзүү боюнча келишимге кол коюуну камсыздоо жана үзгүлтүксүз негизде түз байланыштарды жүргүзүүгө макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий