• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Марипов: Сауд ишкерлери Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 26.09.22. /Кабар/. Сауд ишкерлери Кыргызстан менен кызматташууга жана өлкөбүздүн экономикасына инвестиция салууга кызыкдар, деп билдирди Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов.

“Эки өлкөнүн бири-бирине болгон кызыгуусун эске алуу менен Сауд Аравия падышалыгындагы Кыргызстандын элчилиги байма-бай интеграциялык иш-чараларды өткөрүүнүн аракетинде. Ал эки өлкөнүн мамлекеттик органдарын, ишкерлерин бири-бири менен тааныштырып, маалымат алмашуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүдө”, - деп билдирди дипломат.

Марипов белгилегендей, мындан бир-эки күн мурун элчилик САПтын Инвестиция министрлиги менен биргелешип Кыргызстандын мамлекеттик органдары жана авиа ташуулар, энергетика, айыл чарбасы, туризм тармактары боюнча Flynas, ACWA Power, Rajhi International, Salic, Seera Group жана Al Hokair сыяктуу саудиялык ири компаниялардын ортосунда онлайн жолугушуу өткөрдү.

“Биздин мамлекеттик органдар Кыргызстандагы инвестициялык климат жана ири долбоорлор тууралуу айтып берип, экинчи тараптын республиканын инвестициялык жактан кызыктуулугун өнүктүрүүнү улантууга багытталган сунуштарын угушту. Мындан ары эки тарап ар дайым байланышта болот”, - деп маалымдады Марипов.

Пикир

Оставить комментарий