• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Марипов шахтерлорду кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 29.08.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов көмүр өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын шахтерлор күнү менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Куттуктоонун тексти:

«Урматтуу көмүр өнөр жайынын кызматкерлери,

кымбаттуу ардагерлер!

Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Шахтерлор күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздер тандаган кесип эмгекчил адамдын мүнөзүн, рухун жана кадыр-баркын чыңдап, аны менен сыймыктануу сезимин жаратып, шахтерлор династиясынын муундан муунга өтүп келе жаткан чыныгы бир туугандык салттарын калыптандырат.

Республикабызда көмүр өнөр жайынын кызматкерлеринин эмгеги татыктуу бааланып жана урматталып келет. Бул чындыгында эле эмгекчил, күчтүү, кайратман жана аларга таянууга мүмкүн болгон адамдардын майрамы.

Мен бул тармактын ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык сөздөрүн айткым келет – Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя, Сүлүктү сыяктуу тоо-кен шаарларынын тарыхы сиздердин эмгек таржымалыңыздар менен тыгыз байланышта каралат жана кенчилердин учурдагы мууну ар дайым сиздерге карай түздөлүп, багыт алат.

Бүгүнкү күндө республиканын көмүр казуу өнөр жайы туруктуу өнүгүүдө. Маанилүү түрдөгү сандык жана сапаттык өзгөрүүлөр орун алды. Атап айтканда, республикабызда көмүр казып алуу көрсөткүчү өсүүдө жана анын көлөмү жылына дээрлик 2,5 млн тоннага жетти.

Ишиңиздерге болгон жоопкерчиликтүү мамиле, мурдагы муундун мыктыларынын тажрыйбасына таянуу, шахтерлордун шериктештигине таандык болуу жана сыймыктануу сезими сиздерге мындан ары да өндүрүштө олуттуу ийгиликтерди жаратууга, өлкөнүн энергетикалык жана өндүрүштүк потенциалын чыңдоого салым кошууга жана тармактын алдында турган милдеттерди ишке ашырууга мүмкүндүк берет деп ишенем.

Көмүр өнөр жайынын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине ак ниет эмгеги үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирем!

Жалпыңыздарга чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана кайратман ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!».

Пикир

Оставить комментарий