• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Марипов «Смарт Бажы» жаңы санариптик платформасынын долбоору менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Смарт Бажы» санариптик платформасынын долбоору менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров белгилегендей, бирдиктүү санариптик платформа тышкы экономикалык ишмердүүлүк субьектилери үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле бажыны жөнгө салуу сапатын жакшыртып, анын ичинде өлкө экономикасына инвестицияларды жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле 2021-2022-жылдарга "Смарт Бажы" долбоорун ишке ашыруу боюнча жол картасы сунушталды.

Аталган платформаны түзүү үстүндө атамекендик экспертизаны өнүктүрүү максатында жергиликтүү IT-компаниялар иш алып бара тургандыгына басым жасалды.

Өз кезегинде Улукбек Марипов «Смарт Бажы» жаңы санариптик платформасын түзүү үстүндө иштер ыкчам башталышы керектигин колдоого алды, ошондой эле ишке киргизүү процессин өзгөчө көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.

«Бардык тобокелдиктерди максималдуу түрдө иштеп чыгуу зарыл. Маанилүү кемчиликтер процесс ишке берилгенден кийин эмес, иштеп чыгуунун жүрүшүндө аныкталышы керек», - деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий