• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Марипов: Спортчуларыбыздын Олимпиададагы жеңиши – Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата чоң белек

Өкмөт 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов XXXII жайкы Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрүн – грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси Акжол Махмудовду жана аялдар күрөшүндө коло медалды жеңип алган Мээрим Жуманазарованы куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Мен үчүн биздин спортчуларыбыздын опимпиадалык жеңиштеринин күбөсү болуу чоң сыймык. Сиздер өз мекениңиздердин Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата мыкты белек кылдыңыздар. Биз сиздер менен сыймыктанабыз, өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болдуңуздар. Сиздерге өлкө желегин жогору желбиретип, мекендештерибизге жаркын маанай тартуулаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем!», – деди Улукбек Марипов.

Ошондой эле ал Айсулуу Тыныбекованы ишенимдүү түрдө финалга чыгуусу менен куттуктап, алдыдагы таймашта жеңишти багындырусун каалады.

«Бүтүндөй өлкө финалдык таймашты чыдамсыздык менен күтүүдө. Биздин күйөрмандардын колдоосу сизге дем-күч жана ишеним берсин, Айсулуу», – деп жыйынтыктады Марипов.

Пикир

Оставить комментарий