• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Марипов Талас облусунун Көк-Кашат айылындагы мектептин курулушунун сапатын текшерди

Өкмөт 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө жарандардын арыяздары боюнча Көк-Кашат айылындагы Атай Огонбаев атындагы мектептин абалы менен таанышты.

Курулуш иштери 2015-жылы жыйынтыкталганына карабастан окуу имаратынын абалы канааттандырарлыксыз. Мектептин спорттук залынын полу чирип кеткен, жылытуу тутуму начар иштейт.

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, өндүрүштүк технологиялардын, курулуш ченемдердин жана эрежелердин олуттуу бузулушу аныкталган, жалданма уюмду техникалык жана автордук көзөмөлдөө толук көлөмдө аткарылган эмес.

Улукбек Марипов кызматтык иликтөө өткөрүүнү, аталган кемчиликтерге жол берген жактарды жоопкерчиликке тартууну тапшырды, ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы мектепти жаңы оку жылына даярдоо тапшырмасын берди.

Мектеп 375 окуучуга эсептелген. 2015-жылы жаңы окуу имараттары, спорттук зал жана галерея, от казан курулуп, инженердик тармактар орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий