• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Марипов: «Текшерүү жыйынтыгында бюджеттик резервдер, жоготуулар, сарамжалдуу пайдаланылбаган каражаттар аныкталды»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. «Экс-президент ар кандай көмүскө схемалардан улам өлкөнүн бюджетине 10 млрд сом түшпөй калганын айтты, мындай маалыматтын канчалык чындыгы?». Депутат Акылбек Жапаров Бюджет жана финансы боюнча комитетте 2017-жылы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет угулуп жатканда ушундай собол салды.

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов өткөн жылды текшерүү жыйынтыгында 11 млрд 976 млн сом көлөмүндө бюджеттик резервдер, жоготуулар, сарамжалуу пайдаланылбаган каражат аныкталганын билдирди. «Анын ичинде бюджеттик жоготуулар менен бюджеттик резервдер 9,5 млрд сомду түздү. Өкмөт мындай абалга көӊүл бурушу зарыл», - деп, ал азыр Салык кызматынын, Бажы кызматынын, Транспорт жана жол министрлигинин бюджетине жүргүзүлгөн аудит жумуштары аяктап калганын кошумчалады.

Каржы министри Адылбек Касымалиев быйыл 2017-жылга салыштырмалуу Бажы кызматына план катары 10 млрд сом каражат жогорулатылып берилгенин айтты. Ал эми Бажы кызматынын быйылкы жылдын планына өзгөртүү киргизилип, план 1,8 млрд сомго көбөйтүлгөнүн белгиледи. «10 млрд сом жөнүндө кеп болгондо, адегенде 2018-жылдын планынын аткарылуу фактысын караш керек. Мисалы, январь жана февраль айларында биздин өлкөгө Кытай тараптан каттаган жүк кыйла арбыган, андан кийинки айларды анын агымы басаӊдады», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий