• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Марипов: Товарлардын айрым категорияларын импорттоодо жеңилдиктерди берүү механизми натыйжасыздыгын көрсөттү

Өкмөт 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Товарлардын айрым категорияларын импорттоодо жеңилдиктерди берүү механизми өз натыйжасыздыгын көрсөттү. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн видеоконференцбайланыш форматында өткөн кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн маалымат кызматы.

Кеңешменин күн тартибинде 2020-2021-жылкы күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүү жана Кыргыз Республикасынын калкын жана экономика тармактарын 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине даярдоо, Кыргыз Республикасынын 2020-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары жана жазгы-талаа жумуштарын өз маалында уюштуруу жана өткөрүү тууралуу маселелер каралды.

Өкмөт башчы белгилегендей, Өкмөт тараптан кабыл алынган бардык аракеттер жана чечимдер мыйзам алкагында болуп, жарандардын укугун жана бизнестин кызыкчылыгын коргоого багытталышы тийиш.

«Учурда эксперттик топтор иштеп жаткан мыйзамдарды инвентаризациялоо үстүндө иш алып барууда. Иштелип жаткан документтердин топтому бизнести колдоого багытталган, ал ишкерлер үчүн административдик тоскоолдуктарды төмөндөтүүгө, бизнес-процедураларды жөнөкөйлөштүрүүгө, бизнестин укук коргоо жана сот органдары менен өз-ара аракеттешүүсүн жакшыртууга багытталган. Ошондой эле бизнестин ишине тоскоолдук келтирген текшерүүлөрдү кыскартуу, мыйзамдардын айрым ченемдерин четтетүү боюнча иш жүрүүдө. Аталган иш-чаралар Өкмөттүн 100 күндүк Планына кирет», - деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр маалымдагандай, буга катар мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу максатында ченемдик-укуктук актыларды тартипке келтирүү боюнча күч-аракеттер активдештирилүүдө.

«Мамлекет салыктык жактан: ар кандай ченемдер аркылуу бошотуулардын жана жеңилдетүүлөрдүн эсебинен бюджетибиз – 25,2 млрд сомдук каражатты ала албай отурат. Анын ичинде бажы тармагы боюнча жалпысынан 5,2 млрд сомдук жеңилдиктер берилген. Маселен, өлкөгө дары-дармек каражаттарын ташып кирүүчү импортер-компаниялар 1,4 млрд сомдук КНСтен бошотулган. Жеңилдиктерди берүүнүн мындай механизми натыйжасыз, анткени дары-дармектердин чекене баалары коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу 2-3 эсе кымбат. Бул жерден суроо жаралат: жеңилдиктерди бергенибизге карабастан, эмне үчүн жарандарыбыз дарыларды кымбат баада сатып алууда? Ушундай эле абал айыл чарба тармагында да байкалууда. Айылдагы дыйкандардын баары жер тырмап иштешет, бирок өз продукцияларын төмөн баада сатууга аргасыз, товарды сатып алган ортомчулар аны жогорку баада сатууда. Биздин мыйзамдар эл үчүн, мамлекеттин жана бизнестин кызыкчылыгы үчүн иштеши керек», - деди ал.

Ошондой эле Улукбек Марипов белгилегендей, Өкмөттүн ишиндеги маанилүү багыттардын бири санариптештирүү маселеси.

«Мен буга чейин жетекчилердин санариптештирүүгө жасаган мамилесин көрдүм. Жетекчилердин кайдыгерлик менен жасаган мамилесинин айынан санариптештирүү багытындагы иштер популисттик сөздөргө айланып отурат.

Бүгүнкү күндө 406 мамлекеттик кызматтын болгону 33ү гана толук автоматташтырылды, буга дейре анын саны 26 эле. Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар тутумун түп-тамырынан бери өзгөртүп, аны ачык-айкын кылуубуз керек. Мен кызыкдар тараптарды эң жакшы түшүнүп турам, алар мамлекет тараптан сатып алууларга көзөмөл болушун каалабайт, анткени контроль жок болсо, ар кандай “күңүрт” схемаларды жасоо оңой. Коңшу өлкөлөрдөгү мамлекеттик сатып алуулар системасы нормалдуу иштеп жаткандыгын өз көзүбүз менен көрүп келдик», - деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, жарандардын жана юридикалык жактардын укугун жана кызыкчылыктарын жактоого багытталган иштер мыйзам деңгээлинде жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий