• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Марипов Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов борбордук аппаратынын жамаатына Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиеваны тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Премьер-министр Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгын окуду, ага ылайык, Гүлмира Абдралиева түзүлгөн мамлекеттик органдын жетекчиси болуп дайындалган.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана министрлигинин алдында ыкчам чечүүнү талап кылган бир катар маанилүү милдеттер коюлган.

«Өлкөбүздүн соңку тарыхында аталган күчтүү тармактык министрликти аялзаты башкарууда. Ошондуктан жалпыбыз мамлекетибиздин жана элибиздин кызыкчылыгы үчүн иш алып барууга болгон күч-аракетибизди жумшообуз керек. Бириктирилген соң, ведомствонун алдында бүгүнкү күндө актуалдуу маселелерден болуп саналган санариптештирүү багыты пайда болот. Бардык түзүмдөр үзгүлтүксүз, натыйжалуу жана ыкчам иштеши үчүн аталган маселе боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл», - деди өкмөт башчы.

Улукбек Марипов белгилегендей, жаңы министрдин алдында көптөгөн иштер турат, алардын катарында реформаларды жүргүзүү жана ведомствонун ишиндеги кемчиликтерди жоюу маселеси бар.

Пикир

Оставить комментарий