• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Марипов: Уюлдук идентификациялоо тутуму калктын мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө онлайн режимде жеткиликтүүлүгүн жогорулатат

Өкмөт 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов уюлдук идентификациялоо тутуму жана «Текшер» уюлдук тиркемесинин иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, санариптештирүү – дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүдөгү негизги рычаг болуп саналат.

«Байланыш – бул санариптештирүүнүн негизи. Уюлдук телефон адам колундагы натыйжалуу аспап болуп саналат, ошондуктан бүгүнкү күндө ар кыл ресурстардын уюлдук байланышта интеграцияланышы дүйнөлүк тренд болуп калды. Биздин өлкөдө да мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр процессин жеңилдетүүгө өбөлгө түзүүчү иштер жүрүүдө. Үстүбүздөгү жылдын май айында мобилдик жабдуулар аркылуу уюлдук идентификациялоону киргизүү маселеси көтөрүлгөн, натыйжада мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессин жеңилдетүүгө жана ага калктын онлайн форматта жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк пайда болот. «Текшер» уюлдук тиркемеси ар бирибизге товардын таңгагынын кодун сканерлеп, анын сапатын жана мыйзамдуулугун текшерүүгө, ал эми контрафакт аныкталган учурда ал тууралуу текшерүү органдарына маалымдоого мүмкүнчүлүк берет», - деди ал.

Белгиленгендей, уюлдук идентификациялоо тутуму электрондук тейлөө алуу процессин жеңилдетип, бюрократиялык процесстерди кыскартып, калк менен физикалык байланышты жоюп, коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтөт. Тиркеменин жардамы аркылуу жакын арада онлайн режимдеги мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн пайдаланууга болот.

Министрлер кабинетинин башчысы тиркеменин «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз-ара аракеттешүү тутуму менен интеграциялашуусунун маанилүүлүгүн белгиледи жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине тийиштүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, ал мамлекеттик тармактык органдарга дары-дармек каражаттарын маркировкалоо инфраструктурасын түзүү боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.

«Дары-дармек каражаттарын маркировкалоо – медикаменттерди көзөмөлдөөнүн маанилүү баскычы. Бул багыттагы ишти тездетүү зарыл. «Текшер» тиркмеси аркылуу дары-дармек тууралуу, анын катталышы жана сапаты боюнча толук маалымат алууга болот. Бул чаралар дары-дармек менен камсыздоо жаатын тартипке салып, аларга карата бааны жөнгө салууга мүмкүндүк берет», - деди Улукбек Марипов.

Марипов ошондой эле Уюлдук идентификациялоо тутуму жана «Текшер» уюлдук тиркемесинин бетачары өткөн Альфа-Телеком» ЖАК, DATA-борбор, контакт-борбор жана компаниянын IT-дирекциясынын иши тууралуу отчет менен таанышты.

Министрлер кабинетинин башчысы «Альфа-Телеком» ЖАКта өткөн көчмө жыйындын жүрүшүндө Уюлдук идентификациялоо тутуму жана «Текшер» уюлдук тиркемесинин бетачары менен таанышты. Ошондой эле Улукбек Мариповго компаниянын иши тууралуу отчет сунушталды, андан соң ал DATA-борбор, контакт-борбор жана компаниянын IT-дирекциясынын иши менен жакындан таанышып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий