• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Марипов Ысык-Көл облусундагы селден жабыркаган райондорго барды

Өкмөт 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө селдин кесепетинен жабыркаган Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондоруна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер Кабинетинин башчысы Ак-Суу дарыясындагы суунун деңгээлинин жогорулашынан улам жабыркаган Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы бузулган көпүрөнүн абалы менен таанышты.

Тармактык мамлекеттик органдарга кыска мөөнөттүн ичинде эки көпүрөнүн курулушун баштоону жана жээктерди чыңдоо иштерин жыйынтыктоо тапшырылды.

Андан соң ал 14 миңден ашуун адам жашаган Теплоключенка айылынын тургундары менен жолугушту, алардын жарымынын жеке турак-жайы жок. 1991-жылдан бери айылда жерлерди трансформациялоо маселеси чечиле элек. Бирок, Министрлер Кабинетинин чечими менен 99 гектар жер трансформацияланган жана ал айыл тургундары арасында бөлүштүрүлүп берилет.

Улукбек Марипов 2017-жылы курулган жана селден жабыркаган Каракол шаарындагы Ривер паркына барды. Министрлер кабинетинин башчысы резервдик фондунан 50 миң сомду парктын жетекчилигине берди жана келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо ишин тездетүүнү тапшырды.

«Быйыл биз бир катар табигый кырсыктарга туш болдук. Алардын кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатат, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ыкчам чара көрүү режимине өттү. Кырсыктардын алдын алуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, жарандар өзүн коопсуз сезиши керек», – деди ал жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана жергиликтүү бийлик органдарына кыска мөөнөттө жабыркаган райондордо калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Эске сала кетсек, Жети-Өгүз районунда селдин кесепетинен жолдор жуулуп, дамба жарылган. Учурда жолдордо тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Кызыл-Суу айылында турак үйлөрдүн короолорун жана чарбалык курулуштарды суу каптап, эки көпүрөнү суу алып кеткен. Транспорт жана жолдор министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан унаа өтүүчү көпүрөнү бекемдөө иштери жүргүзүлүп, жээкти чыңдоо иштери аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий