• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Марипов Ысык-Көлдөгү суу астында калган жолдорду кыска мөөнөттө тазалоону тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов тийиштүү мамлекеттик органдарга Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы жана Тоң, Жети-Өгүз райондорундагы жүргөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча шашылыш чараларды кабыл алууну тапшырды.

Транспорт жана жолдор министрлигине аймак тургундары жана куткаруучу бригадалардын тоскоолдукусуз өтүүсү үчүн кыска мөөнөтттө суу астында калган жолдорду тазалоо тапшырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга зарыл болгон учурда куткаруучулардын кошумча күчүн тартуу, ошондой эле суу астында калган райондорду тазалоо иштерине атайы техника менен камсыздоосу тапшырылды.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жана Тоң, Жети-Өгүз райондорунда катуу жааган жаан-чачыдын кесепетинен улам орун алган өзгөчө кырдаалдын натыйжасында сел жүрүп, турак-жайлар талкаланып, айрым тилкелерде жолдор жуулган жана көпүрөлөр жана башка курулуштар бузулган.

Пикир

Оставить комментарий