• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Марипов: Өзбек-кыргыз Өнүктүрүү фондунун ишке киргизилиши менен ири инфраструктуралык долбоорлор алга жылат деп ишенем

Өкмөт 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Ташкент шаарында өтүп жаткан Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышты.

«Жакынкы арада Кыргыз Республикасынын президентинин Өзбекстанга мамлекеттик сапары ийгиликтүү өтүп, анын жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын Президенти менен кеңири сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү актуалдуу маселелери талкууланган. Биздин өлкөлөрдүн жетекчилери ортосундагы тыгыз байланыштар жана ишенимдүү өз-ара мамилелер эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт», - деди Өкмөт башчы.

Улукбек Марипов белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында чет элдик инвесторлорго кепилдиктерди берүү максатында укуктук базаны мындан ары карай жакшыртуу ишине жаңы импульс берилген. Алардын иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө чоң көңүл бурулат. Инвесторлордун ишенимин арттыруу, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкер чөйрөнү түзүү үчүн 2021-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын президентинин менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоого алуу жөнүндө Жарлыгы чыккан.

«Уставдык капиталы 200 млн АКШ доллары суммасындагы Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун ишке киргизилиши менен ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып, инвестициялар жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жаатында кызматташтык алга жылат деп ишенем. Бүгүнкү күндө бизде жеңил өнөр жайы, тигүү-текстиль тармагындагы экспортко багытталган биргелешкен ишканаларды ачуу, анын ичинде өлкө аймагында соода-логистикалык борборлорду куруу, ЕАЭБ жана чет мамлекетке чыгаруу үчүн агропродукция өндүрүү маселесин алга жылдырууну кошо алганда, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өндүрүшү жаатында чоң мүмкүнчүлүктөр бар», - деди ал.

Премьер-министр аталган келечектүү долбоорлор эки өлкө ортосундагы жалпы суммасы 550,4 млн АКШ долларлык 60 жакын долбоорду ишке ашырууну көздөгөн өнөр жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Практикалык чаралардын планына («Жол картасы») киргизилгендигин канагаттануу менен белгиледи.

«Практикалык чаралардын планын («Жол картасы») ишке ашыруу инвестициялык кызматташтыкты олуттуу түрдө кеңейтүүгө жана эки тараптуу товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Эки өлкөнүн транзиттик потенциалын өз-ара пайдалуу негизде колдонууга басым жасоо менен биздин өлкөлөр ортосундагы транспорттук-транзиттик кызматташтыкты активдештирүү сооданы кеңейттүүдөгү маанилүү шарттардан болуп саналат. Кыргыз тарап Өзбекстан Республикасы аркылуу транзит менен Афганистан жана Пакистан рыногуна продукцияны экспорттоо үчүн жаңы рынокторду биргелешип иликтөөгө кызыкдар», - деди Улукбек Марипов жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол магистралын куруу долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Долбоор эки тараптуу жана көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачаары жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошоору шексиз», - деп белгиледи премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий