• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Маркалоону киргизүү жана ККМ-онлайнды колдонуу мөөнөттөрү 1-июлга чейин узартылды

Коом 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Тамеки жана алкоголдук продукцияларды милдеттүү түрдө маркалоону киргизүү жана Жаңы бекитилген техникалык талаптарга ылайык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу мөөнөттөрү өкмөттүн 2021-жылдын 31-мартындагы токтому менен 2021-жылдын 1-апрелинен 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Аталган чечим товарларды маркалоону жана ККМ-онлайнды колдонууну натыйжалуу киргизүү максатында, ошондой эле ишкердик субъекттерге жаңылоого кошумча убакыт берүү үчүн кабыл алынды.

Алсак, 2020-жылдын 24-июнунда бекитилген ККМге карата техникалык талаптарга жана ККМди техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптарга ылайык келбеген ККМ ушул жылдын 1-июлунан тартып каттала албайт.

Салык органдарында катталган фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы жок ККМди пайдаланган субъекттер оң абалда болгон шартта гана аларды 2021-жылдын 1-июлуна чейин колдонууга укуктуу.

Мындан тышкары, жаңы белгиленген мөөнөткө ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тартып тамеки жана алкоголдук продукцияларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо башталат. Ага чейин ошол товарларды маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор жүргүзүлөт.

ККМ-онлайнды колдонуу жана товарларды маркалоо системасы Кыргызстанда "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында электрондук эсеп-фактураларды, автомай куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасын, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды жана “Жыйынды пост” маалыматтык системасын киргизүү менен катар жүзөгө ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий