• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүйдө өрттөн 34 жаштагы аял жана эки жаш бала каза болду: Окуянын чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек, 13.02.19. /Кабар/. Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында үч адамдын өмүрүн алып кеткен өрттүн чоо-жайын Чүй облустук милиция кызматынан айтып беришти.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат 12-февраль күнү саат болжол менен 16:15де райондук Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн.

Жерине барган ыкчам-тергөө тобу 34 жаштагы А.М., аттуу жарандын жана анын 10, 2 жаштагы эки баласынын сөөгүн тапкан.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестинде каттоого алынды.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Өрт катталган даректе маркум күйөөсү, эки баласы жана кайненеси менен жашагандыгы аныкталган.

"Териштирүү маалында маркумдун коңшулары суралган. Алардын айтымына караганда, маркумдун жана күйөөсүнүн кулагы начар угуп, майып болушкан. Коңшулардын айтымында, алардын үйүндө туугандары арасында чыр чыккан. Маркум аял кырсык болгон күнү 2 литрге жакын күйүүчү май сатып алган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий