• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Марс Сариев: Элдин президентке ишениши бийликтин бекемдигин айгинелейт

Коом 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Садыр Жапаров президенттик кызматта турган 500 күн боюнча гезиттин атайын саны басылды.

Анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана алардын динамикасы, статистикалык маалыматтар келтирилет. Алсак, “Бюджеттин көбөйтүлүшү”, “Кумтөр кенинин Кыргызстанга кайтарылышы”, “Социалдык тармактагы жөлөк пулдардын жогорулоосу” өңдүү темалар камтылган.

Эксперт Марс Сариевдин айтымында, президент Садыр Жапаровдун ишинин аркасында өлкөдө өнүгүү болуп жатканын көрүүгө болот.

“Дүйнөдө көптөгөн тармактарда кризис болуп жатканын белгилей кетүү керек. Ошондой эле аскердик-саясий жана геосаясий кырдаал оор бойдон калууда. Мына ушул учурда Садыр Жапаров ансыз деле оор кырдаалда турган өлкөнү башкарды. Жапаров маанилүү болгон алгачкы чараларды аныктап, өлкөдөгү кырдаалды жөңгө сала алды. Ал жарандардын айлык акысын, пенсия жана жөлөк пулдарын көбөйтүп берди. Анын ордунда башка президенттер ишти аткара албай, бийликти колунан алдырып коймок деп ойлойм”, - дейт ал.

Сариев Жапаровдун президенттик учуру тышкы карызды төлөөнүн жогорку чегине туш келгенин белгилейт.

“Буга карабай Жапаров тышкы карызды өз убагында төлөй турганына ишендирди. Ушул сыяктуу аракеттеринин аркасынан элдин ишенимине татыды”, - деди ал.

Эксперт дүйнөдөгү абалды эске алып Борбор Азия лидерлери туура чечим кабыл алганын айтат.

“Чолпон-Атада өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин консультативдик жолугушуусунда лидерлер биримдикти көрсөттү. Борбор Азия дүйнөлүк державаларды кызыктырган талаа бойдон калууда. Жапаров башында турган азыркы бийлик өз убагында саясат жүргүзүп, өлкөнүн коопсуздугуна кам көрүп, жакынкы коңшулар жана өнөктөштөр менен мамилени чыңдоодо”, - деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий