• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Марс Сариев: Электр энергиясына болгон жаңы тарифтер социалдык адилеттүүлүктү орнотот

Коом 0

Президент Садыр Жапаров күн мурун электр энергиясына таңы тарифтер тууралуу билдирди, анда 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1 кВт/с үчүн 74 тыйынга чейин төмөндөтүлөт. Ошол эле учурда бакубат үй-бүлөлөр үчүн тарифтер 1,48 сомго чейин көтөрүлүп, бирок туруктуу чектөөнүн чеги алынып салынат.

Саясат талдоочу Марс Сариев президенттин демилгеси элди колдоого багытталып, аз акча тапкандар аз төлөгөндөй социалдык адилеттүүлүктү бекемдөө максатында иштелип чыккан деп эсептейт.

“Элетр энергиясы боюнча көрүлүп жаткан чаралар – аргасыздык. Анткени, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өтө төмөн, суунун аздыгы боюнча көйгөй мындан мурда туура эмес саясат жүргүзүлгөндүгүндө. Энергетика тармагында коррупциялык схема байкалган, энергетика компаниялары өздөрүнүн үлүшүнө ээ болуп турушкан, муну иликтеп чыгуу зарыл.

1000 кВт/с жана даректүү жеңилдиктер даректүү жардам саясаты сыяктуу эле калк үчүн эң керек деп ойлойм. Албетте, азыр кыянаттык башталат, көптөр аталган тизмеге илинип калууга аракет кылышат. Буга тыкыр көзөмөл керек болот.

Дагы бир жолу кайталайм, бул энергетикалык мүмкүнчүлүгүбүз жакшырганга чейинки убактылуу чара. Бирок, социалдык адилеттүүлүктү сактоо зарыл, Европадагы бардык өлкөлөр сыяктуу эле байлар көбүрөөк төлөшү керек. Оор шартта жашаган адамдар жеңилдиктерди алышы керек”,-деди ал.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий