• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Марс Сариев: “Кыргызстанда саясый элита сөзсүз жаңыланышы керек”

Саясат 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Кыргызстанда саясый элита сөзсүз жаңыланышы керек. Мындай пикирин саясат таануучу Марс Сариев Президенттин жыл аягында кызматынан кетип жатып өзү менен кошо бир топ ич күйдү саясатчыларды ала кетерин айтканы боюнча “Кабар” агенттигине комментарий берип жатып билдирди.

“Бүгүнкү күндө муун алмашуу жүрүүдө, бул боло турган процесс. Эски гвардия баары бир кетет, анткени элдин маанайы азыр башка. Эл саясатты түшүнүп калды. Эскилердин эч кандай шансы жок”,-деди Сариев.

Эксперттин айтымында, эгерде саясатчылар жек-жаатка же жердешчиликке таянууга аракет кылышса деле, шайлоочулар аларга добуш беришпейт.

“Алыскы аймактарда деле калктын аң-сезими таптакыр өзгөрүп калган, алар да саясатты жакшы түшүнүшөт. Андыктан азыр жаңы кадрларга талап объекттивдүү”,-деп кошумчалады М.Сариев.

Пикир

Оставить комментарий