• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Марс Сариев “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” т/ж долбоору боюнча келишим тууралуу: Бул тарыхый окуя

Коом 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Өзбекстандын Самарканд шаарында Кыргызстан үчүн гана эмес, Евразия континентинин басымдуу бөлүгү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан тарыхый келишимге кол коюлду. Мындай оюн “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча жасалып жаткан кадамдар жөнүндө үч мамлекеттин саясий чечимдери тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине маек берип жатып саясий серепчи Марс Сариев билдирди.

Анын айтымында, бул континенттеги геосаясий абалды жакшы жакка өзгөртүүгө жөндөмдүү долбоор.

“Евразияда Кытайды Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Перс булуңундагы жана Европадагы порттор менен байланыштырган жаңы коммуникациялык коридор пайда болууда. Карама-каршы багытта батыштан Өзбекстан жана Кыргызстан аркылуу Кытайга Азия-Тынч океан аймагына чыгуучу темир жол каттамы иштейт. Бул геосаясий кырдаалды абдан өзгөртүп, Борбордук Азиянын өнүгүшүнө, калктын бакубаттуулугунун өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча темир жолунун Кыргызстандын аймагынан өтүүчү тилкесинун курулушу 3-4 жылга созулат, ал эми долбоорго салынып жаткан сумма 7 млрд долларга жетүүсү мүмкүн. Ал эми бул долбоорду ишке ашырууга катышкан өлкөлөр үчүн артыкчылыктуу жана өз ара пайдалуу шарттар табылаарында шек жок. Эң негизгиси, дүйнөлүк деңгээлде ШКУнун колдоосу астында глобалдык демилге көтөрүлүп, аны Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бир ооздон колдойт.Темир жолдун курулушу эл чарбасынын бардык тармактарынын енугушуне мультиплика-циялык эффект берет. Президент Садыр Жапаровдун эл аралык транзиттен гана биздин бюджетке жылына 200 млн долларга жакын киреше түшөт деген сөзү эсиңизде болсун”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий