• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Марс Сариев: Тажикстандын бардык иш аракеттери кырдаалды атайылап курчутууга багытталгандыгынан кабар берет

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Кечээ башталып, бүгүн уланган жаңжал тажик тараптын чагымчылдыгы. Алардын бул жаңжалга атайылап даярдангандыгы окопторду казганынан эле көрүнүп турат. Бардыгы даярдалган. Жаңжалдын чыгышына “Камаз” жүк ташуучу унаасы себеп болгон. Анткени, тажик тарап унаага “Головной” суу бөлүштүрүү жайынан таш жүктөп, ошол эле учурда алар атайылап камераларды орнотушкан. Мындай пикирин Кыргызстан жана Тажикстандын мамлекетттик чек арасында чыккан чырга комментарий берип жатып саясат таануучу Марс Сариев билдирди.

Эксперт белгилегендей, буга чейинки чыккан чырды дагы тажик тарап баштаган. Анткени алар Кыргызстандын аймагына атайылап тажик желегин илишкен. “Ал жерде цементтен жасалган постамент турган, алар ошол жерге тажик желегин орнотушкан. Мындай кадам менен тажик тарап кырдаалды курчутууга аракет жасаган”, - деди ал.

Сариевдин айтымында, тажик тарап жапырт аткылоону кечээ эле баштаган. Ал эми кыргыз тарап карманып турган. Бүгүн тажик тарап беш кыргыз заставасын аткылоо аракети менен минометтон ок чыгарган. Бул кыргыз тараптын ок чыгаруусуна жана атайын кызматтын кызматкерлеринин Тажикстандын “Бөрү” чек ара заставасын алууга себеп болду. Бул тажик тараптын атайылап кырдаалды курчутууга аракети болгон.

Эксперттин айтымында, мунун себеби тажиктердин чочулоосунда, анткени кыргыз тарап суу сактагычтарды куруп баштаса, анда дарыянын агымын жөнгө салуу толугу менен кыргыз тараптын колунда болот. “Ошондуктан тажик тарап “Головоной” суу бөлүштүрүү жайын толук басып алууну көздөгөн. Мындай жол менен алар кыргыз тарапты өзүлөрүнө жагымдуу шартта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мажбурламак. Балким, тажик тараптын чагымчылдыкка баруусуна үчүнчү күчтөр себеп болушу мүмкүн. Мен чоң оюнчуларды айтым жатам. Менин оюмча жакынкы күндөрдө бул жаңжалды козутууда кайсы күчтөрдүн кызыкчылыгы болгондугу белгилүү болот.

Пикир

Оставить комментарий