• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Марс Сариев жаңы Конституция тууралуу: Биз үчүн органикалык болгон башкаруу схемасын табабыз

Коом 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. “Биз үчүн органикалык болгон башкаруу схемасын табабыз”, - деди саясат таануучу Марс Сариев “Конституциянын жаңы редакциясын талкуулоо: Баш мыйзамга карата жаңы көз караш” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө.

“Биз тарыхый парадигмада, ал эми батыш дизайнерлери конструктивизм парадигмасында иштөөгө көнүп калышкан. Батыштагы демократия дагы кандуу согуштар жана жарандык согуш аркылуу өтө татаал жолду басып өткөн. Бул үчүн жүздөгөн жылдар коротулган, ал эми биз 10 жылда парламенттик республиканы курууну каалап жатабыз. Алар бул мүмкүн эмес экенин эң жакшы түшүнүшөт жана ал кыйратуучу мүнөзгө ээ. Тапшырма башаламандык уюштуруу болгон. Бизде бул болду. Мисалы, эч нерсени чечпеген премьер-министрлердин алмашышы. Биз формалдуу түрдө парламенттик республика болуп саналганыбыз менен фактылык түрдө президенттик өлкөбүз. Президент эч нерсе чечпейт, бардык жоопкерчилик өкмөт башчысына жүктөлөт. Биз батыш ушундай жол менен өзүнүн маселелерин чечип жатканын эске алган жокпуз”, - деди ал.

Саясат таануучу белгилегендей, Кыргызстан процессти концептуалдык көзөмөлдөбөйт экен. “Эми алар бийликти узурпациялоо коркунучу бар деп жатышат, бул тобокелдик ар дайым сакталып турат, бирок кыргыздар өз менталитетинде эркиндикти сүйгөн эл, аларда демократия руху бар жана бул үч революция менен тастыкталды”.

Саясат таануучу кыргыздар ансыз деле көйгөйлөрдү концептуалдык жол менен чечип жаткандыгынын бир жакшы белгиси – бул өлкө башчысы Өзбекстан менен 30 жылдан бери чечилбей келген чек ара маселелерин биротоло чечкендигин баса белгиледи. “Бшкача айтканда, Кыргызстан тышкы факторлордон жана күчтөрдөн көз карандысыз эле өзүнүн көйгөйлөрүн өзү чечип жатат. Албетте, бул глобалдык оюнчуларга жакпайт, бирок бизде башка чара жок. Бизде көйгөйлөрдү чечүүгө жана концептуалдык борбор болууга жана элдин чыныгы пикирин билдирүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк түзүлдү”, - деди ал.

Ошондой эле Сариев Элдик курултай боюнча дагы өзүнүн пикирин билдирди.

“Венециялык комиссия бул кандай орган экенин түшүнбө жатат. Курултай миңдеген жылдар бою бул процесстерди жөнгө салган механизм болуп келген. Биз азыр ошол механизмди актуалдаштырып жатабыз. Биз барыбыз пандемия учурунда парламенттин аракетсиздигине күбө болдук, бул парламенттин батыш конструкциясы иштебей турганын көрсөттү. Бизде өзүбүздүн концептуалдык борборубуз болушу керек, анда чечимдер кабыл алынат, андай болбосо биз үчүн башкалар чечим кабыл алып калышы мүмкүн. Биз үчүн дайыма башка концептуалдык борбордон, мисалы Москва, Вашингтон чечим кабыл алып келишкен. Биз өзүбүздүн баалуулуктарыбызга, улуттук каада-салттарыбызга жана миңдеген жылдардан берки тажрыйбабызга негизделген концептуалдык борборубузду курбасак, анда башкалардын оюнчуларына айланабыз. Азыр президентибиз концептуалдык оюнга киргенин көрүп жатабыз. Ооба, бул көптөгөн башка оюнчуларга жакпайт, бирок жылыш бар, чек ара маселесин чече баштадык. Мен курултай бийликти узурпациялоого жол бербейт деп ишенем. Биз үчүн органикалык болгон башкаруу схемасын табабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий