• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Маршрутка "Бишкек жашыл чарбанын" кызматкерин сүзүп, 20 м чейин сүйрөп кетти

Коом 0

Бишкек. 15.04.19 /Кабар/. Жүргүнчүлөрдү ташыган маршрутка "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишкананын кызматкерин сүзүп, 20 метрге чейин сүйрөп кетти.

Кырсык бүгүн саат 07:30 чамасында Чүй проспекти менен Исанов көчөсүнүн кесилишинен болгон, - деп кабарланды Бишкек шаардык автоинспекциядан. Моторолер айдап бараткан "Бишкек жашыл чарбанын" кызматкерин бус коюп кетти.

"Бишкек жашыл чарбанын" кызматкерин ооруканага алып кетишти.

Ал эми маршрутка атайын унаа токтотмо жайга жеткирилди. Териштирүү иштери жүрүүдө.

"Бишкек жашыл чарбанын" башка кызматкерлеринин маалыматы боюнча, маршрутка кесиптешин сүзүп, андан ары 20 метрге чейин сүйрөп кеткен.

Cүрөт: Жылдызбек Керимбаев

Пикир

Оставить комментарий