• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Маршруткадан 30 миң сомдук телефон уурдалган. Шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери 30 миң сомдук уюлдук телефонду уурдоого шектүүнү кармады.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 11-февралда "102" кызматына болжол менен саат 19:45те Горький жана Б.Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен чөнтөк телефон уурдалгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жиберилген. Окуя болгон жерде 46 жаштагы Т.А. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен жүргүнчү ташыган маршруттук унаанын ичинен арыз ээсинин пальтосунун чөнтөгүнөн баасы 30 миң сом турган "Хонор 10" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз жарандар уурдап кетишкен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 30 жаштагы А.У. аттуу жаранды кармаган. Шектүүнү Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-беренесинин ("Уурдоо") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий