• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Маршруткадан энени баласы менен кууп чыккан айдоочу жумуштан четтетилди – мэрия

Коом 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Бишкекте балалуу аялды мартшурткага коляскасы менен киргендиги үчүн унаасынан кууп чыккан №185 каттамдын айдоочусу табылып, териштирүү аяктаганча иштен четтетилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, аларга бул окуя боюнча шаар тургуну билдирип, арызданган.

"Шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери каттамдын айдоочусун таап, учурда №185 каттамдын айдоочусу жана "ТрансГруппКоммуникейшн" фирмасынын жетекчилиги менен териштирүү иштери жүрүүдө. Териштирүү жүрүп жаткан учурда айдоочу иштен убактылуу четтетилди", - деп билдиришти мэриядан.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак социалдык тармактарда ал окуянын видеосу тараган.

Коомдук унаалардын иши боюнча төмөнкү номерлерге кайрылууга болот:

- Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы: 0703075727;

- Бишкектин жүргүнчү ташуучу автотранспорттук ишканасы (автобустардын ишин карайт): 0553 022 753, 0772 173 743 (WhatsApp);

- Бишкектин троллейбус башкармалыгы: 0559733866

- "ТрансГруппКоммуникейшн" фирмасынын башчысы: - 0772 005535 Улан Абдыжалилов;

Пикир

Оставить комментарий