• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Маршруткага балалуу келинди киргизбей койгон айдоочуга карата бейбаштык боюнча иш козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Бишкекте №203 маршруткага коляскасы бар балалуу келинди түшүрбөй койгон айдоочуга карата иш козголду.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда аялдамадагы жаңжалдын видеосу пайда болгон, анда №203 маршруттук каттамдын айдоочусу күч колдонуп, коляскасы бар балалуу келинди унаага түшүрбөй койгон.

Ленин райондук милициясынан билдиришкендей, аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси (“Майда бейбаштык”) боюнча иш козголду. 1984-жылкы М.Б. аттуу айдоочу кармалган.

Учурда иликтөө иши уланууда.

Буга чейин аталган айдоочу иштен алынып, айыпка жыгылганы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий