• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Маршруткага коляскасы бар балалуу келинди түшүрбөй койгон айдоочу иштен алынды

Коом 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Бишкектеги №203 маршруткага коляскасы бар балалуу келинди түшүрбөй койгон айдоочу кармалганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда аялдамадагы жаңжалдын видеосу пайда болгон, анда №203 маршруттук каттамдын айдоочусу күч колдонуп, коляскасы бар балалуу келинди унаага түшүрбөй койгон.

Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, Арча-Бешик - Дордой каттамына каттаган №203 маршруттук таксинин айдоочусун аныкташкан.

“37 жаштагы М.Б. аттуу айдоочу экендиги аныкталып, ал түшүндүрмө берген: Бир жыл мурун да ушундай окуя болуп, анын кесепетинен машруттун ичиндеги адамдар жабыркап, алардын чыгымын айдоочу төлөгөн. Айдоочу ошол себептен колясканы салонго салган эмес. Бул үчүн ал жалпы коомчулуктан кечирим сурарын билдирген”, - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда аталган айдоочу каттамдан четтетилип, жумуштан алынды. Андан аркы жоопкерчилигин кароо боюнча Ленин райондук милициясына жеткирилди.

Кошумчалай кетсек, №203 машурттук каттамдын бригадасы текшерүүгө алынып, техникалык бузуулары үчүн 2 протокол түзүлүп, 10 миң сом айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий