• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Маршруткалардын айдоочуларына туура эмес жерге токтогондугу үчүн 5,5 миң сом айып салына баштады

Коом 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери коомдук транспорттордун айдоочуларына көзөмөлдү күчөтүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы учурларда Бишкек шаарынын аймагында эртең мененки жана кечки убактарда жол тыгындары кескин көбөйгөндүктөн алардын алдын алуу максатында Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери эл ташыган коомдук транспорттордун соңку аялдамаларына барып, маршруттук унаалардын айдоочуларына жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздук эрежелерин так сактоо менен, жүргүнчүлөрдү салууда жана түшүрүүдө, көрсөтүлгөн аялдамаларда гана токтоого чакырды. Анткени жолдун экинчи тилкесинде же туура эмес токтоп жүргүнчү салгандыктан, арттагы унаалардын кыймылын бууп, узун жол тыгынын пайда кылууда.

Эгерде маршруттук унаалардын айдоочулар жол эрежесин бузуп, жол тыгынын жаратып, туура эмес жерден же экинчи тилкеден жүргүнчү салуу жана түшүрүү аракетин кылган учурларда Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 123-1 беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык чаралар көрүлөт. Айыптын суммасы 5 миң 500 сомду түзөт.

“Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү маршруттук унаалардын айдоочуларына жол тыгындары пайда болбош үчүн, жүргүнчүлөрдү көрсөтүлгөн аялдамаларда гана түшүрүүгө салууга чакырат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий